Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусуАлай району 19.09.2018 12:58 На русском

Алайдагы бала бакчанын күнөсканасы бөбөктөрдү таза азык менен камсыз кылып баштады (видео)

Turmush -  Алай районунун Мурдаш айылында жайгашкан «Жоогазын-Мурдаш» бала бакчасында курулган күнөсканадан түшүм алып жатышат. Анда өстүрүлгөн помидор, мөмө-жемиштер кургатылып, балдарга табигый азык-түлүктөрдөн даярдалган тамак-аштар берилип жатат. Бул тууралуу аталган бала бакчанын жетекчиси Назира Сакенова кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы бала бакчанын 40 чарчы метр аянтына күнөскана курулган.

«Жашылча-жемишти базардан ташып отурбай, өзүбүз өстүрсөк деген кыялыбыз минтип иш жүзүнө ашып отурат. Күнөсканабызда өстүргөн помидорлордун бышканынан балдарга салат жасап берип жатабыз. Ошондой эле атайын кургатуучу шкафтын жардамында кургатып алабыз. Мындан сырткары кыям, мөмө-жемиштерден компот жасап, кышы бою балдарга беребиз», - деди жетекчи.

Күнөсканадагы помидорду Дамира Аманова карап, зыянкечтерди жоготууда химикат колдонбойт.

«Жөөктөргө кадимки ачуу эрменди үзүп таштап койсо зыянкечтер жолобойт деп угуп, улам жаңылап таштап турам. Жолдошум алгач "бала бакчаны үй кылып алдың" деп жүрдү, быйыл күнөскананы көрүп, ал дагы кызыгып калды. Биздин айыл деңиз деңгээлинен 2000 м бийик болгондуктан, көчөттөрүбүз эми жетилип, эми гана быша баштады», - деди Д.Аманова.

«Жоогазын-Мурдаш» бала бакчасы 11 жылдан бери иштеп келет. Анын имараты 85 орундуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×