Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусуАлай району 18.09.2018 17:03 Жаңыланды: 19.09.2018 11:56 На русском

Айыл турмушу: Жылына 100 туристке кызмат көрсөткөн алайлык У.Жаанбаев Ленин чокусундагы жаракаларды байкаган (видео)

Turmush -  Алайдын Сары-Могол айылынын 38 жаштагы тургуну Убайдылда Жаанбаев 8 жылдан бери туристтерге кызмат көрсөтүп келет. Ал жыл сайын чет өлкөдөн келген конокторду Ленин чокусуна алып чыгып тааныштырат. Анын айтымында, акыркы жылдары мөңгүлөр ээрип, чокуда жаракалар пайда болууда.

«Биз жыл сайын туристтерди тоолорго, жайлоолорго алып чыккандыктан чокудагы өзгөрүүлөрдү байкап турабыз. Быйыл да туристтерди тейлөө учурунда чокуда жаракалар пайда болуп, жыл сайын чоку ээрип, жукара баштаганын байкадым. Буга климаттын өзгөрүшү себеп болсо керек. Биз туристтер менен 2 жаракадан атайын шатылардын жардамында өттүк. Бир жараканын кеңдиги 4 метрге жетсе, экинчи жараканын кеңдиги 2,5 метрди түзөт.

Ал эми чокуга чыгууга атайын даярдык көрөбүз. Анткени чокуга чыгып баратып тайгаланып кетсең, ал жерден аман калышың кыйын. Чокуга чыкканда ар бир адамдын белинен байланыш аркандары уланат. Бир адам тайгаланып кетсе, калгандары ошол аркан аркылуу аны куткарып калат. Ар бир адамдын бутунда музга кирип, такалып турган шиш бут кийим жана колунда учтуу таякчалар болушу зарыл», - деди Убайдылда Жаанбаев.

Сары-моголдук гид жакында өзү туристтер үчүн конок үйүн ачып, чет элдик саякатчылар үчүн жатак маселесин чечүүнү пландап жатканын кошумчалады.

«40 жашка келип калдым. Жашың өткөн сайын туристтерди тоо-таштарга алып баруу да кыйынчылык жаратат экен. Мындан улам өзүм туристтерди кабыл алуучу конок үйүн ачайын деп пландап жатам», - деди Жаанбаев.

Убайдылда мырза жылына 100дөй туристке кызмат көрсөтүп, айына 20 миңден 40 миң сомго чейин каражат табат. Анын негизги киреше булагы ушул тармак. Туристтик сезон 5 ай болгондуктан кышкысын өзү жашаган аймактагы көмүр карьеринде эмгектенет.

Учурда Убайдылда Жаанбаев менен жубайы 2 уул, 1 кызды тарбиялап, ата-энеси менен бирге жашашат.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×