Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусуАлай району 15.09.2018 17:27 На русском

VIP-зона, ипподромдогу сахна, Кырчындагы схема: 23 жаштагы архитектор Дайырбектин эмгектери (сүрөт, видео)

Turmush -  Алай районунун 23 жаштагы тургуну Дайырбек Арзыкулов III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында башкы архитектор, дизайнер-сүрөтчү болууга жетишти. Анын архитектор болуусуна өзүнүн кызыгуусу түрткү болгон.

Дайырбек Алай районунун Гүлчө айылында төрөлүп өскөн. 1-9-класстарды М.Адышев атындагы орто мектепте окуса, 10-11-класста ошол эле айылдагы Т.Отунчиев атындагы орто мектебинде билим алган.

«Орто билимге ээ болгон соң борбор калаадагы Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде үйлөрдү долборлоо жана куруу боюнча билим алдым. Учурда аталган окуу жайда магистратурада окуп жатам. Көчмөндөр оюндарына чейин архитектуралык компанияда архитектор болуп эмгектендим.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы архитектору милдетин аткаруума өзүмдүн кызыгуум, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, башкы режиссёр Алтынбек Максутовдун ишеними себеп болду. Эмгектеримди өкмөткө сунуштап, көптөгөн талкуу сындардан кийин гана ишке ашты. Негизи архитектуралык-дизайнерлик иштерди аткардым. Ипподромдогу мэппинг сахнасынын дизайнын иштеп чыгып, Кырчын жайлоосунун схемасынын жана архитектуралык объектилердин автору болдум. Мисалы, президенттер отурган хан ордо (VIP-зона), көпүрөлөр, көп сынга алынган ажатканалар жана кичи архитектуралык формалар», - деди ал.

Жаш архитектор үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү. Ата-энеси учурда Алай районунун Гүлчө айылында жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×