Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ош облусуАлай району 10.09.2018 10:12

Талдык ашуусундагы электр зымдар 40 жылдан кийин жаңыртылды

Turmush -  Алай кырка тоосундагы Талдык ашуусунда 40 жылга жакын убакыттан бери алмашыла элек электр зымдары жаңыртылды. Бул тууралуу Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын башкы инженери Алмазбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, эскирген электр зымдары жыл сайын кыш мезгилинде үзүлүп, Чоң-Алай району менен Алайдын Сары-Таш айылынын эли 3-4 күндөп жарыксыз калган учурлар болгон. Быйылкы жылы № 223, 224, 225, 226 жана №227 мамычалардын жогорку чыңалуудагы зымдары толугу менен алмаштырылды.

Талдык ашуусу Ош—Эркеч-Там, Ош—Хорог (Хорог шаары — Тоолуу Бадахшан облусунун административдик борбору) унаа жолунда жайгашкан. Бул ашуу аркылуу Чоң-Алай районуна катташат. Анын бийиктиги 3615 метрге жетип, ага чыгуучу жолдо 12 айланма бар. Ленин чокусуна каттаган туристтер, алыстан жана жакындан келген меймандар Талдык ашуусунун кооздугун белгилеп, сүрөткө да тартып алышат.
Сүрөттөр Канат Шарипбековго таандык:

талдык44

талдык

Талдык

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×