Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусуАлай району 24.08.2018 14:46 Жаңыланды: 24.08.2018 15:50 На русском

Алайда биринчилерден болуп Талды-Суу айыл өкмөтү дотациядан чыккан

Turmush -  Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтү көмүр кени ачылгандан кийин дотациядан чыкты. Ошондой эле айылдагы социалдык объектилер жаңыланган. Бул тууралуу кечээ, 23-августта өкмөттүн Оштогу өкүлү Узарбек Жылкыбаев көмүр кени менен таанышуу учурунда маалым болду.

Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айтмат Азамжан уулу маалымдагандай, Талды-Суу айыл өкмөтү Алай районундагы дотациядан чыккан биринчи айыл өкмөт болуп саналат. Учурда айыл өкмөттөгү мектеп, айыл өкмөттүн имараты, бала бакча, ФАП курулуп, жолдор, көпүрө, айылдык клуб заманбап болуп салынган.

Аталган айыл өкмөттүн карамагына 2 айыл: Талды-Суу жана Арчалуу айылдары кирет. Ал эми Алай районунда жалпы 14 айыл өкмөт бар. Алардын ичинен 2 айыл өкмөт гана: 2014-жылы Талды-Суу айыл өкмөтү, 2018-жылы Гүлчө айыл өкмөтү дотациядан чыккан.

Талды-Суу айыл өкмөтүндө көмүр кени 2004-жылдан бери иштетилип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×