Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусуАлай району 23.08.2018 14:19 На русском

Сүрөт: Спартак, Армияс, Анзират, Салюткан — өзгөчө ысымдуу кыргызстандыктар

Turmush -  Тарыхчылар, санжырачылар балага коюлган ысым анын тагдырына, мүнөзүнө таасир берерин айтып келишет. Ал эми айрымдар ысымын өзгөртүүнү каалашса, кээ бири ысымы менен сыймыктанат. Turmush басылмасынын кабарчылары өзгөчө ысымдуу жашоочулар менен тааныштырууну улантат.

---------------------------------------------------------------------

26 жаштагы Спартак Жыргалбеков Алай районунун тургуну. Ал өз аты менен сыймыктанат.

«Спартак байыркы Римди кулдар менен биргеликте багындырган, 100 миңден ашык аскер топтогон, кулдарды кордуктан куткарган баатыр болгон экен. Атам ошол адам жөнүндө китептен окуп, мага Спартак деген ысым ыйгарган. Кичинемде маанисин билбей, сурай берчүмүн. Өзүм да китебин окуган соң, жүрөгүмдө сыймыктануу сезими пайда болгон», - деди С.Жыргалбеков.

1111

Токтогул районунун тургуну Армияс Кусматов 32 жашта. Ысымын атасынын эжеси койгон.

«Мен төрөлгөндө атам аскерде болгондуктан анын эжеси Армияс деп коюптур. Атым менен сыймыктанам, эч кимде жок. Көбү жаңы таанышканда таң калып сурашат. Өзгөрткүм келбейт, себеби мен сейрек кездешчү ысымдын ээсимин», - дейт Армияс Кусматов.

армияс

41 жаштагы Анзират Тасмаева Аксы районунун тургуну. Ага бул ысымды атасы ыйгарган. Жаш кезинде атасынан айрылган А.Тасмаева атынын кандай мааниге ээ экенин интернеттен окуганын айтат.

«Анзират фарс тилинен алынган го деп ойлойм. Дагестанда чайлар Анзират деген аталыш менен чыгат экен. Өзгөртүү оюма деле келбептир. Маанисин интернеттен издеп көрсөм, өтө эски аталыш экен. Кайрымдуу же периште дегендей маанилерди билдирет. Өзүм ишенчээк, боорукермин. Бирөөнүн кыйналганын көрсөм, өз ишимди таштап жөнөйм», - деди ал.

Анзират

Ал эми Талас облусунун 47 жаштагы тургуну Салюткан Садыкова ысымын 1971-жылы учкан «Салют-7» кораблинин атына байланыштырат.

«Атам гезиттен кораблдин учуп кеткени тууралуу маалыматты окуптур. Салют деген сөзгө эле -кан деген мүчөнү уласам, элде жок ат болуп калат деп ойлогон окшойт. Өзгөртүүнү каалагам, бирок атамды капа кылып албайын деп өзгөрткөн жокмун. Жаш кезимде атымдан уялчумун, эми көнүп калдым», - дейт Салюткан Садыкова.

Сиздин ысымыңыз өзгөчө болсо же сейрек кездешкен ысымды алып жүргөн тааныштар, достор, туугандарыңыз тууралуу Turmush басылмасына билдирсеңиз болот. WhatsApp: 0554 65 60 25.

Сиявуш, Авангард, Сагыйпа — өзгөчө ысымдуу кыргызстандыктар

Өзгөчө ысымдар: Ысык-көлдүк Форель Өмүралиев Тюлень, Акула, Орёл аттуу бир туугандары тууралуу айтып берди

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×