Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусуАлай району 22.08.2018 11:50

Кыргызстанда очогундагы күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Turmush -  Бүгүн, 22-август күнү саат 09:50 чамасында республиканын аймагында жер титирөө катталды. Анын очогундагы күчү 4 баллга жетти, деп билдирди Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту.

Жер титирөөнүн күчү Алай районунун Нура айылында 3,5 баллга, Кара-Киндик айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×