Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусуАлай району 15.08.2018 16:57

Кореялык альпинист Ленин чокусундагы муздун жаракасына түшүп кетти

Turmush -  Бүгүн, 15-августта Чоң-Алай районунда Ленин чокусуна чыгып бара жаткан кореялык альпинист муздун жаракасына түшүп кетти. Бул маалыматты Ош ОИИБден тастыкташты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Куткаруучу топ аталган альпинистти куткарууга жөнөп кетишкен. Алардын арасында милиция кызматкерлери да бар.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кореялык альпинист мөңгүдөн тайгаланып, саат 15:15 чамасында муздун жаракасына кулаган.

----------------------------------------------------

Август айынын башында Борбордук Азияда эң бийик чокулардын катарына кошулган Ленин чокусу багынтылганынын 90 жылдык мааракесине карата жергиликтүү бийлик фестиваль уюштурган. Аймактык кабарчынын маалыматына караганда, 500дөн ашуун адам чогулган фестивалды жергиликтүү таланттар коштоп, келген конокторго майрамдык маанай тартуулашты.

Ленин чокусуна барган альпинисттерди тейлеген фирманын директорунун айтымында, чокуга жылына 2 миңден ашуун альпинисттер жана туристтер келет. Ленин чокусу деңиз деңгээлинен 7134 метр бийикте жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×