Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусуАлай району 13.08.2018 14:02 На русском

Видео — Алайдагы сел тажикстандык жарандарды «Тойота» унаасы менен кошо агызып кете жаздады

Turmush -  Алай районундагы Аскалы айылында сел жүрүп, «Тойота Ленд Крузер» үлгүсүндөгү унааны агызып кете жаздады. Бул окуяны Ош ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Кечээ, 12-август күнү болжол менен саат 16:30 чамасында Алай районунун Сопу-Коргон айыл аймагында катуу жаан жаап, эл аралык ОшСары-ТашЭркеч-Там унаа жолунун 110-111-чакырымын сел каптаган. Анын кесепетинен 110-чакырым жабылып калды.

Бул учурда жолдо жүрүп бара жаткан «Тойота Ленд Крузер» унаасын айдоочусу — Тажикстандын 1979-жылы туулган тургуну Г.Сокиев селден өткөрүүгө аракет кылган. Бирок суудагы шагылга тыгылып, унаа жылбай калган. Унаада тажикстандык жүргүнчү — 1992-жылы туулган И.Мухаммедали да болгон. Айдоочу менен жүргүнчү оор жаракат алган жок.

№559 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары техникалар менен жолду ачуу иштерин жүргүзүп, саат 22:00 чамасында каттам ачылды. Ал эми унааны суу агызган тажикстандык жарандар мейманканага жайгаштырылган.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×