Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусуАлай району 13.08.2018 11:22 На русском

Сүрөт — Алайда 80 метр бийиктен кулаган унаа талкаланып, айдоочу каза болду

Turmush -  Ош облусундагы Алай районунда «Хово» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа 80 метр бийиктиктен кулап түшүп, талкаланды. Жол кырсыктын кесепетинен 39 жаштагы айдоочу окуя болгон жерде көз жумган.

Turmush басылмасынын кабарчысына Ош ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү бул кырсыкты тастыктады. Маалымат боюнча, унаа кен казуу менен алектенген «Пэрити Коал» ЖЧКга таандык.

Унааны Алайдагы Талды-Суу айылынын 1979-жылы туулган тургуну Ч.А. башкарып бара жаткан. Ал унаанын башкаруусун жоготкон деп болжолдонуп жатат. Учурда тиешелүү экспертизалар түзүлүп, Алай РИИБ тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, аталган ЖЧКнын түзүүчүсү жана жетекчиси — Примов Бердибай Примович. Негизги ишмердүүлүгү – көмүр кенин казуу.

Б.Примов — Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примовдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×