Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуАлай району 05.07.2018 10:50 На русском

Сары-Таш айыл өкмөтүнө жергиликтүү бюджеттен 13 млн сомдук имарат курулду

Turmush -  Алай районундагы Сары-Таш айыл өкмөтү эми жаңы имаратта эмгектенип башташат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Бактыгүл Алимбекова билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөттүн имараты тар болуп келген. Бул маселе чечилип, жаңы имарат курулду.

«Айыл өкмөттүн имараты 2015-жылы курулган. Бирок бөлмөлөр жетишпей, кайрадан 11 бөлмөлүү имарат болуп курулду. Ал эми эски имарат сентябрь айында музыкалык мектеп жана китепкана болуп ачылат. Жаңы имараттын ачылышы 31-августта болору күтүлүүдө.

Курулуш иштери 2017-жылы август айында башталган. Жалпы тендердик баасы 13 млн сом болуп, жергиликтүү бюджеттен каржыланды», - деди Б.Алимбекова.

Сары-Таш айыл өкмөтү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×