Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Ош

Адистер Алайдагы суурларды кара тумоого каршы эмдеп жатышат

Turmush -  Учурда Алай районунун аймагында кара тумоого (чума) каршы суурларды эмдөө жана изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат. Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаметинин башчысынын орун басары Турат Сатимбаевдин айтымында, суурду жазгы санак иштери 1 ай бою жүргүзүлүп, Ош облусунда 95 миң 150 суур бар экендиги аныкталган.

«Жыл сайын суурларды жаз алды менен санайбыз. Суурлар методикалык санак менен эсептелинет. Бир топ жыл мурун Алай районундагы суурлардан кара тумоо оорусу кездешкендиктен быйыл 400 суурду атып, капканга түшүрүп, изилдөө жүргүзгөнгө уруксат берилген. Учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинин карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун адистери келип изилдөө жүргүзүп жатышат», - деди ал.

Ал эми аталган департаменттин Алай району боюнча аңчы адиси Алимбек Айдаровдун айтымында, жалпы 200 суур атылып, капканга түшүрүлүп, лабораториядан өткөрүлгөн. Учурда кара тумоо оорусу табылган жок.

«Саламаттыкты сактоо министрлигинин карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун адистери учурда Сары-Таш айылына жөнөт кетишти. Дагы 200 суур текшерүүдөн өткөрүлөт», - деди А.Айдаров.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 661
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×