Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуАлай району 26.06.2018 17:55 Жаңыланды: 27.06.2018 09:05

Үч-Чат жайлоосунда Мөнөк хандын тою үчүн 24 боз үй тигилип, миңден ашык адам чогулду (фото)

Turmush -  Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Мурдаш айылынын Үч-Чат жайлоосунда Мөнөк хандын тою белгиленди. Мөнөк уруусунан тарагандар учурда Мурдаш айылын байырлап келишет.

Хандын тоюнда 24 боз үй тигилип, улуттук оюндар уюштурулганын айыл өкмөттүн башчысы Нурлан Матанов кабарчыга билдирди. Анын айтымында, Мөнөк хандын тоюна Алай районунун акими Ильяз Ташкулов жана Мурдаш айылынын тургундары күбө болушту.

«Мөнөк хандын тою буга чейин чакан форматта уюштурулуп, жер-жерлерде өтүп келген. Быйыл жогорку деңгээлде миң адамдын катышуусунда Үч-Чат жайлоосунда белгиленди. Жалпы 24 боз үй тигилип, улуттук оюндар болгон аркан тартыш, бука тартыш, күрөш жана волейбол оюну ойнолду. Тойго Мөнөк хандын урпактарынан таркап, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарында жашап жаткан тургундар да катышты. Буга чейин Кара-Суу районунун Лангар айылына Мөнөк хандын эстелиги тургузулган эле», - деди Н.Матанов.

Тарыхчы А.Мокеевдин изилдөөлөрү боюнча, XV–XVIII кылымдарда Теңир-Тоого алтайлык кыргыздардын көчүп келиши жана алардын айланасында теңир-тоолук эски уруулардын консолидациялашуусунун натыйжасында кыргыз элинин калыптануусу башталган. Бул доор кыргыз элинин өз алдынча саясий, социалдык жана этникалык өнүгүшүнүн маанилүү этабы болгон.

Тарыхчы Т.Асановдун белгилегени боюнча, Теңир-Тоодогу кыргыз эли отуз уул жана он уул болуп бөлүнүшкөн жана бул XV кылымга туура келген. Кийинки кылымдын биринчи жарымында саясий, экономикалык, демографиялык, географиялык жана этникалык себептерден улам жана Моңголиянын кыргыздар тарабынан ээлениши менен отуз уулдар оң канат жана сол канат болуп экиге ажыраган.

Сейф аддин Аксыкенти тарабынан жазылган «Мажму ат-таварих» эмгегинде ошол кезде отуз-огулдардын негизин адыгине, тагай, муңгуш жана карабагыш бөлүкчөлөрү түзгөндүгү айтылган. Ал эми кыргыз санжырасында Адыгиненин улуу баласы Баргы болгону айтылат.

- Баргыдан таркагандар: Көкчө, Сатыке, Бакай, Сансыз, Олжоке;

- Сатыкеден тарагандар: Эсенамат, Мөнөк, Тооке, Савай, Бөкөй.

Сүрөттөр Канат Шарипбековго таандык

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×