Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуАлай району 22.06.2018 22:42

Алайда алгачкы жолу өнөрлүү окуучулар үчүн лагерь уюштурулду (фото)

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүндө алгачкы жолу ийримдерге катышкан окуучулар үчүн күндүзгү лагерь уюштурулду. Бул тууралуу Алай райондук балдардын чыгармачылык борборунун жетекчиси Гульнара Калдыбаева аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, кол өнөрчүлүк, ойлоп табуучулук, туризм тармагына кызыккан 47 окуучу лагерге катышты.

«Биз атайын ийримге кызыккан Гүлчө айыл өкмөттүндөгү 5 мектептин окуучуларын тандап, жайкы лагерге катышууга мүмкүнчүлүк түзүп бердик. Мындай лагерь районубузда алгачкы жолу уюштурулду. 47 бала шыгына жараша кызыккан ийримине жазылышты. Кыздар кол өнөрчүлүк жаатында билим алышса, балдар техника, туризмди жайылтуу, чет элден келген туристтерди тейлөө боюнча сабак алышты. Кийинки жылдан тарта тамак-аш менен камсыз кылууну пландап жатабыз. Лагердеги иш-чараларга активдүү катышкан балдарга райондук билим берүү бөлүмү тарабынан ардак грамоталар тапшырылды», - деди Г. Калдыбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×