Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ош облусуАлай району 30.05.2018 14:00

Алайда китепканачылардын кесиптик майрамы белгиленди

Turmush -  Алай районунда китепканачылардын кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, Алай райондук борборлоштурулган китепканалар тармагынын директору Үрниса Асилова сөз сүйлөп, айылдык тургундардын табитине жараша китеп менен тейлөөнү мезгил өткөн сайын жакшыртып бара жатышканын айтып, китеп окурмандардын жана китеп фондунун өсүп жатканына токтолду. Айлык маянанын аздыгына карабай айрым учурларда жайлоого кеткендерди да тейлөөгө алып көчмө китепкана уюштурулган. Иш-чарада бир топ китепканачылар Ош облусунун жетекчилеринин ардак грамоталары жана облустук китепкананын грамоталары менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×