Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ош облусуАлай району 26.05.2018 09:56

Өзгөндө суу сактагычта мыйзамсыз балык уулагандарга айып салынды

Turmush -  Ош облусунда мыйзамсыз балык кармагандарга рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Алай районундагы өкүлү Алимбек Айдаров билдирди.

Анын айтымында, рейддин жүрүшүндө Өзгөндөгү Кемпир-Абад суу сактагычынан балык кармаган браконьерлерди балыкчылар коому кармап, департаментке кабар берген.

«Учурда балыктардын көбөйүп жаткан мезгили. Мындан улам балык кармаган браконьерлерге рейд жүргүзүп жатабыз. 22-майда балыкчылар коому 3 бүлгүнчүнү балыктары менен кармап, бизге кабар беришкен. Браконьерлерге 6 балык үчүн ар бирине 505 сомдон айып пул жана 3 миң сом административдик айып салынган. Жалпы 6 миң 30 сом айып пул өндүрүлдү», - деди А.Айдаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×