Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ош облусуАлай району 10.05.2018 19:29

Алайда Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстелик тургузулду

Turmush -  Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндө Улуу Жеңиштин 73 жылдыгын белгилешкен жергиликтүү тургундар бүгүн, 10-май күнү согуштан кайтпай калган жоокерлерге арналып тургузулган эстеликтин ачылыш аземине катышты.

Маалыматтар боюнча, Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнөн кан күйгөн согушка 147 адам жөнөп кеткен. Анын ичинен 85 адам кайтпай калса, 61 адам жеңиш менен кайтышкан. Учурда бул айыл өкмөттө согуштун бир гана катышуучусу калды.

Согуштан кайтпай калган жана согуштан келгенден кийин каза болгон аталарга эстелик тургузууну айыл өкмөт жана айылдык кеңештин депутаттары демилгелеп чыгышкан. Аны ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом бөлүнгөн болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×