Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Алайда 3 облустун мергенчилеринин ортосунда өткөн мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Алай районунда мергенчилер арасындагы таамай атуу боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Алай району боюнча аңчы адиси Алимбек Айдаров билдирди.

Анын айтымында, мелдешке Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынан келген лицензиясы бар 200гө жакын мергенчи катышты. Ал мергенчилердин башын бириктирип, тажрыйба алмашуу максатында уюштурулган.

«Мелдеште мергенчилер тайпага бөлүнүп күч сынашты. Бир топ 6 мергенчиден түзүлдү. Алардын ар бири бир багытта учма бута атышты. Таамай аткандарга упай берилди. Жыйынтыгында Жалал-Абад облусунан келген мергенчилер 1-орунду камсыз кылып, кубок, сейф, мылтык белекке алышты. Ал эми 2-орунга Кадамжайдан келген мергенчилер ээ болду. Алар 8 миң сом, кубок жана сейф белекке алды. 3-орунга Ноокат районунун мергенчилери татыктуу болуп, 6 миң сом менен сыйланды» - деди А.Айдаров.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1009
Көп окулду
×