Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Алайлык окуучулар нефть иштетүүчү жана жер титирөөдө белги берүүчү аппараттардын макетин жасашты (видео, фото)

Turmush -  Алай районундагы Б.Абжапаров атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучулары нефть иштетүүчү жана жер титирөө учурунда белги берүүчү жабдуулардын макетин кураштырып чыгышты.

Алай районунун Чий-Талаа айылынын тургуну Айдар Керим уулу жер титирөөдө белги берүүчү аппаратты ойлоп таап, республикалык сынакка катышкан.

«Өткөн жылы жер титирөөнү алдын алуучу, үн менен белги бере турган жабдуу жасагам. Ал жабдууга алюминий зым, темир, электр лампасы, үн берүүчү каражат керектелген. Аны көп кабаттуу үйлөрдүн төрт тарабына 10 метр тереңдикте көмүп, электр лампаларына туташтырып чыгуу керек. Мен жасаган жабдуу 2 баллдан жогорку жер титирөө тууралуу 2 мүнөт ичинде жашоочуларга кабар берет. Эгер жер силкүүнү башталса, үйлөрдө туташтырылганган электр лампалары өчүп-жанып белги берет. Бул табылга менен өткөн жылы Алай районунда өткөн сынакта жеңүүчү болуп, республикалык сынакка чейин барып, сертификатка ээ болгом», - деди ал.

Ал эми Элбий Аматов жер алдынан нефть казып алуучу жабдуунун макетин жасап чыкты.

«Мен быйыл нефтини жер алдынан казып алуучу жабдыктын макетин жасадым. Эгер биз нефть чыгуучу жерди аныктап, аны өзүбүз казып иштетсек, бизге арзан болмок. Быйыл бул макетим менен "21-кылымдын интеллектуалдары" сынагына катышып, райондо 1-орунду, ал эми облустук турунда 3-орунду алып келдим», - деди Э.Аматов.

Аталган мектепте «Чебер колдор» ийрими уюштурулганын мугалим Орозбай Бобеков билдирди. «Сабактан тышкары уюштурулган ийримге техникага кызыккан окуучулар келишет. Мен аларга багыт берип, оюндагысын ишке ашырууга көмөк көрсөтөм», - деди О. Бобеков.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1564
Көп окулду
×