Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ош облусуАлай району 11.04.2018 22:16

Алайда окуучулар арасында чуркоо боюнча мелдеш уюштурулду (фото)

Turmush -  Алай районунда окуучулардын арасында жеңил атлетика боюнча мелдеш өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, мелдеш Аймактарды өнүктүрүү жылына карата жана жеңил атлетика боюнча облустун чемпиондору — Мирлан Токтобаев менен Жоомарт кызы Айгеримдин байгесине арналып уюштурлган.

Мелдештин ачылыш аземине машыктыруучу Нышанбай Абдразаков, райондогу балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Эргеш Мадышов катышты. Анда 4-11-класстардын окуучуларынан 10 команда күч сынашты. Алар жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша 100 метрден 3000 метрге чейинки аралыкка чуркашты.

Жыйынтыгында 1-орунга Адышев атындагы мектеп-гимназиясынын, 2-орунга Тайчабаров атындагы мектептин жана 3-орунга Отунчиев атындагы орто мектептин окуучулары татыктуу болду. Жеңүүчүлөргө жана активдүү окуучуларга сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×