Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Алайда окуучулардан түзүлгөн «Мурас» фольклордук тобу эл аралык фестивалга катышуу үчүн каржылык жардамга муктаж (фото)

Turmush -  Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Күң-Элек айылында түзүлгөн «Мурас» фольклордук тобу эл аралык «Ысык-Көл досторду чакырат» фестивалына баруу үчүн каржылык жардамга муктаж. Аталган топ «Жаш талант» сынагында 1-орунга ээ болуп, эл аралык фестивалга жолдомо алган.

Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун эстетика бөлүмүнүн жетекчиси Диларам Нуралиеванын айтымында, сынакка баруу үчүн топтогу 16 баланын ар бирине 7,5 миң сомдон керек.

«Бул сынак жыл сайын өткөрүлүп келет. Анын жеңүүчүлөрү эл аралык сынакка жолдомо алышат. Башка райондордон ыр жана бий боюнча жеңүүчүлөр болду. Алар 1 же 2 эле окуучу болгондуктан каражатты райондун акимдери төлөп беришүүдө. Ал эми фольклордук топто 16 окуучу болгондуктан аларды каржылоодо кыйынчылык жаралып жатат. Алардын ар бирине жол кире акысынан тышкары 7,5 миң сомдон керектелет. Биз бул боюнча өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө жардам сурап кат жолдогонбуз. Алар Алай райондук администрациясына каржылоо боюнча кат жөнөткөн. Ал эми администрация айыл өкмөткө каржылоо боюнча тапшырма берди», - деди Д.Нуралиева.

Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Нурлан Матановдун айтымында, окуучулардын чыгымын толугу менен камсыздоого мүмкүн эмес. «Айыл өкмөт дотацияда болгондуктан чыгымдын 30% пайызын гана каржылай алабыз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 942
Көп окулду
×