Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Ош облусуАлай району 03.04.2018 16:18

Кытайдагы жер титирөө 6 баллга жетип, Алайда 5 баллга чейин сезилди

Turmush -  Бүгүн, 3-апрелде саат 14:14тө Кытай мамлекетинин аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура, Эркечтам айылдарында 5 баллга, Икизяк айылында 4 баллга, Сопу-Коргон, Сары-Таш, Кара-Киндик, Кичи-Каракол, Чий-Талаа, Кызыл-Жар, Кан-Коргон жана Чычырканак айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Кыргызстан-Кытай (карта)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×