Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Ош

Алайда Нооруз майрамы башталды

Turmush -  Алай районундагы Алтын Молдокулова жетектеген Курманжан датка тарыхый этнографиялык музейинде Нооруз майрамы сүмөлөк кайнатуу менен башталды. Аталган музейдин жамааты жана райондогу аялдар кеңеши тарабынан башталган сүмөлөк кайнатуу аземине Алай районунун акими Илияз Ташкулов, анын орун басары Бактыбек Осмонов, аппарат жетекчи Нурбек Аданбай уулу жана райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын алкагында Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Курманжан датка цехинен даярдалып чыгарылган этно буюмдар жана улуттук кийим-кечелердин көргөзмөсү өттү. Ошондой эле музейдин алдында ачылган дүкөндө тоолуу аймакка келген туристтерге, конокторго даяр болгон улуттук кийимдер, сувенирлер сатыкка чыгарылды.

Сүмөлөк кайнатуу салтанаты «Алай ханышасы» тобунун концерттик программасы менен коштолуп, музейдин директору Алтын Молдокулова, райондук аялдар кеңешинин төрайымы Жумагүл Садыкова куттуктоо сөздөрдү, жакшы каалоо-тилектерди айтышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1138
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×