Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ош облусуАлай району 09.03.2018 20:10 На русском

Алайда кооптуу аймактагы үй-бүлөлөр үчүн 50 чатыр тигилди

Turmush -  Алай районунда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөр үчүн 50 чатыр берилди. Учурда Будалык, Ташкоро айылдарына 20дан чатыр тигилгенин акимдин биринчи орун басары Шерикбай Жапанов билдирди.

Анын айтымында, быйыл жаан-чачын аз болуп, кооптуулук жарала элек.

«Быйыл Гүлчө айыл өкмөтүндөгү Ташкоро айылына жана Будалык айыл өкмөтүнө 20дан 40 чатыр тигип, коопсуз шаарча даярдадык. Ошондой эле, Ленин айыл өкмөтүнүн Мурдаш айылына жана Корул айыл өкмөтүнө бештен чатыр берилди. Жалпы район боюнча 50 чатыр таратылган», - деди Ш.Жапанов.

Ал эми Будалык айыл өкмөтүнө берилген чатырлар мектептин короосуна тигилгенин айыл өкмөттүн башчысы Залкар Каримов билдирди.

«Биздин айыл өкмөттө жалпы 4 мектеп бар. Ар бир айылдардан 4-5тен үйлөр кооптуу аймакта деп табылган. Учурда кооптуу абал жарала элек. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү улантылып жатат», - деди З.Каримов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×