Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Ош

Айыл турмушу: Алайлык Кайкыевдердин үй-бүлөсү кышкысын да кымыз даярдап, күнүнө 8 маал бээ саайт (фото)

Turmush -  Алай районунун Корул айыл өкмөтүндөгү Кең-Жылга айылынын тургуну Тагай Кайкыев 10 жылдан бери кышкысын да кымыз даярдоо менен алек болот. Анын үй-бүлөсү күнүнө 8 маал бээ саап, кымыздын литрин 200 сомдон сатыкка чыгарат. Кымыз ичүүнү каалагандар 2-3 күн мурун буйрутма берип коюшат. Учурда 29 бээ саап жатканын аймактык кабарчыга айтып берди.

Тагай Кайкыев жылдын 3 мезгилинде Алай районунда жашап, кышкысын бээлери менен Бишкекке көчүп келет. Анын айтымында, борбордо кымыз ичүүнү каалаган кардарлары үзүлбөйт.

«Кышкы кымызды жасап баштаганыма 11 жылдын жүзү болду. Ага чейин Алайда куруучу болуп иштеп жүрдүм. Тоолуу райондо жашагандыктан жаш кезибизден эле мал багып чоңойдум.

Кышкы кымызды ар бир адам эле жасай албайт. Мага жылкысы барлар кеч күздө тууган бээлерин атайын алып келип беришет. Мен бээлерди кышы менен багып, сүтүн алам. Мага сүтү пайда болсо, жылкысын берген адамдарга аны акысыз багып бергеним пайда болот. Учурда Бишкек шаарында 3 жерде бээ байладык. Досторумдун бири бээлерин саап, сүтүн алып келип берет. Мен аны кымыз кылып сатам», - деди ал.

Анын айтымында, кышкы кымыз адамдын сөөгүн бекемдейт.

«Биз кымызды үйдөн эле сатабыз. Бизге көбүнчө дин кызматкерлери, белгилүү адамдар келип, кымыз ичип кетишет. Акын Шайлообек Дүйшеев да мени менен баарлашканча кымыз ичип кетти. Акындан кышкы кымыз сөөктү бышык кыла турганын уктум. Кышкы кымыз өтө пайдалуу болот экен. Азыр шаардагы ири компаниялар да алдын ала буйрутма берип коюшат. Учурда кымыздын бир литри 200 сомдон», - деди Тагай Кайкыев.

Тагай мырзанын айтымында, бээлер жазга караганда кышкысын көп сүт берет.

«Биз түнү менен уктабайбыз. Ар бир бээни күнүнө 8 маал саайбыз. Күнүнө жемин, чөбүн, суусун убагында берип турабыз. Азыр жубайым экөөбүз бээлерди түнкү саат 03:00дө саап баштайбыз. Кыш мезгилинде тынбай жем жеген жылкылар сүттү жакшы берет. Ар бир бээден күнүнө 7-8 литр сүт алабыз. Бирок жылкылар Бишкекке апрель айына чейин гана чыдашат. Күн жылыганда Алайга алып кетебиз», - деди ал.

Учурда анын уулдарынын бири кымызды жайылтуу максатында Россияда малкана куруп жатканын кошумчалады.

«Менин 7 балам: 4 уул, 3 кызым бар. Уулдарымдын үчөө Россияда болсо, кичүү уулум Өсөр Алайда турат. Ал дагы жыл сайын кышында бээ кармап, кымыз кылчу. Быйыл эгиз балалуу болуп, бээ кармаган жок. Ал эми Россиядагы балдарым ал жактын жарандыгын алып, ошол жакта үй куруп, малкана түптөп жатышат. Буйруса кышкы кымызды Россияда да жайылтабыз деген ниетибиз бар», - деди Т.Кайкыев.

Ал эми уулу Өсөр Кайкыевдин короосунда учурда 20га жакын бээси бар.

«Биз жыл сайын кышка жакын тууган бээлерди сатып алабыз. Айрымдары өздөрү убактылуу алып келип беришет. Учурда менде 20га жакын бээ бар. Алардын айрымдары байып кетсе, айрымдары субай жылкылар», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2898
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×