Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ош облусуАлай району 15.02.2018 14:44

Тоолуу Алайда 1,5 айда 7 карышкыр атылды

Turmush -  Алай районундагы мергенчилер жыл башынан бери 7 карышкыр атышты. Анын акыркысы 13-февраль күнү Бүлөлү айыл өкмөтүнүн Көлдүк жайлоосунда жок кылынганын Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Алай району боюнча аңчы адиси Алимбек Айдаров билдирди.

Анын айтымында, 7 карышкырдын ичинен 3 карышкырдын териси тапшырылган.

«Жыл башынан бери ар бир айыл өкмөттү кыдырып жатабыз. Жошолу айыл өкмөтүнөн 2, Терек айылынан 2, Сары-Таш айыл өкмөтүнөн 1, Бүлөлү айыл өкмөтүнөн 2 карышкыр атылды. Ал эми чөөлөр көп атылып жатат. Аңчылар бизге терини тапшырса, аларга акчасын төлөп беребиз. Учурда 7 карышкырдын ичинен 3 карышкырдын терилери тапшырылды. 4 карышкырдын териси сатылган», - деди А.Айдаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×