Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Ош

Алайда дайынсыз жоголгон мергенчини жердеши кар көчкүнүн алдынан тапкан (фото, видео)

Turmush -  Алай районунун Будалык айыл өкмөтүндөгү Октябрь айылынын 50 жаштагы тургуну Д.М. аңчылыкка кеткен бойдон кайтып келген жок. Аны издөөгө куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүүлөрдөн 170ке жакын адам чыгып, денеси 8 күндөн кийин — кечээ, 5-февралда табылды. Анын денесин Ат-Жайлоодон 43 жаштагы Бакытбек Табалдиев тапкан.

Б.Табалдиев издөө иштерине катышуу үчүн Бүлөлү айыл өкмөтүнөн 4 күн мурун атайын келгенин аймактык кабарчыга билдирди.

«Мен мергенчи изделип жатканын угуп, айылдаштарым менен келгем. Будалык айыл өкмөтүндөгү Кум-Бел жайлоосуна чыкканда кар көчкүнү көргөн элем. Кар көчкү Кум-Бел жайлоосунун Ат-Жайлоо деген жеринде түшкөн. Таягым менен кар көчкүнү сайгыласам мергенчинин сумкасы көрүнүп калды. Сумкасы аркылуу денени таап чыктык», - деди Б.Табалдиев.

Мергенчи үйүнөн 28-январда саат 08:00 чамасында чыгып кетип, акыркы жолу үй-бүлөсү менен саат 16:00 чамасында байланышкан. Туугандары мурда аңчылыкка кеткенде бир күндөн кийин кайтып келип турганын айтышкан.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7701
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×