Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Ош

Алайда 8 күндөн бери дайынсыз мергенчинин жансыз денеси табылды

Turmush -  Алайда аңчылыкка кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 50 жаштагы мергенчинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы Зарлык Каримов билдирди. Анын айтымында, жансыз дене бүгүн, 5-февралда Ат-Жайлоодон табылган.

Мергенчи 28-январдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан эле.

«Будалык айылынын тургуну Д.Макишовду бүгүн саат 15:30 чамасында жергиликтүү тургундардын бири Кум-Бел жайлоосунун Ат-Жайлоо аймагынан тапкан. Карышкырды кууган мергенчини кар басып калыптыр. Башы ташка тийип, чыга албай калган окшойт. Мергенчи үйүнөн чыккандан кийин 30 чакырым жолду жөө басып өткөн. Ал барган тараптагы зоого атчан 4-5 саатта гана жетүүгө болот», - деди З.Каримов.

Мергенчи үйүнөн 28-январда саат 08:00 чамасында чыгып кетип, акыркы жолу үй-бүлөсү менен саат 16:00 чамасында байланышкан. Аны издөө иштерин РИИБдин кызматкерлери, куткаруучулар, айылдыктар, туугандары жана коңшу айылдан чогулган тургундар жүргүзүп жатышкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2029
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×