Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуАлай району 05.02.2018 09:37

Алайда бир жума мурун аңчылыкка кеткен мергенчини издөө иштери улантылып жатат

Turmush -  Алай районунун тургуну 28-январда аңчылыкка кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аны издөө иштери бүгүн, 5-февралда дагы улантылат, деп билдирди ӨКМ.

Октябрь айылынын жашоочусу Д.Матишов 28-январда саат 08:00 чамасында Сары-Күңгөй тоосун көздөй аң уулоого кеткен. Ал акыркы жолу 28-январда саат 16:00дө үй-бүлөсү менен байланышкан.

Алгач туугандары өз алдынча издеп, куткаруучуларга 30-январда гана маалымдашкан. Андан бери 100дөн ашык адам издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Кечээ, 4-февралдагы издөө иштерине 8 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 120 адам жана РИИБден 9 кызматкер чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×