Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуАлай району 05.02.2018 09:15 На русском

Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Turmush -  Бүгүн, 5-февралда саат 05:03дө Кыргызстандын аймагында очогундагы күчү болжол менен 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча, жер титирөөнүн очогу Алай тоо кыркаларында, Алай районунун Сары-Могол айылынан түштүк-чыгышка 22 чакырымда, Талды-Суу айылынан түштүккө 24 чакырымда, Ачык-Суу айылынан чыгышка 38 чакырымда, Нура айылынан түштүк-батышка 83 чакырымда жана Ош шаарынан түштүк-чыгышка 112 чакырымда жайгашкан.

Жер титирөөнүн очогундагы күчү болжол менен 4 баллга жетти. Ал эми, Сары-Могол жана Талды-Суу айылдарында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллды түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×