Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуАлай району 01.02.2018 23:52

Айыл турмушу: Алайлык уста мүнөтүнө 5 кг жүгөрү майдалоочу жабдык жасады (фото, видео)

Turmush -  Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Чат айылынын 42 жаштагы тургуну Нурланбек Умашов жүгөрү майдалоочу жабдык ойлоп тапты. Ал 1 мүнөттө 5 кг жүгөрүнү майдалайт, деп билдирди өзү аймактык кабарчыга.

«Айылда агам экөөбүз устачылык кылабыз. Жүгөрү майдалоочу жабдыкты 4 саатта эле жасап койдук. Азырынча аталышын таба элекпиз. Жасаганыбызга 1 жума болуп калды. Бул жабдык менен 5 кг жүгөрүнү 1 мүнөттө майдаласа болот», - деди Н.Умашов.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×