Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Ош

Видео - Алайда 3 күн мурун аңчылыкка кеткен мергенчини жүздөй адам издеп чыкты

Turmush -  Алайда аңчылыкка кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан мергенчини жүзгө жакын адам издеп жүрөт. Аймактык кабарчыга маалым болгондой, Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылынын 50 жаштагы тургуну М.Дүйшөн үйүнөн мындан 3 күн мурун чыгып кеткен.

Аны издеп жаткандардын арасында туугандары, жергиликтүү тургундар, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Алай районундагы бөлүмүнүн куткаруучу тобу бар.

Айыл өкмөттүн башчысы Залкар Каримовдун айтымында, учурда издөө иштери улантылып жатат.

«Дүйшөн мергенчи ууга 28-январь күнү чыгып кеткен экен. Ошол күнү түшкү саат 12:00 чамасында кошуналары менен сүйлөшүптүр, ошол бойдон дайынсыз болууда. Буга чейин ууга чыкканда бир күн түнөп, кайра келчү экен. Алгач туугандары өздөрү издеп, бизге 30-январь күнү айтышты. Бүгүн Октябрь айылынан 60 адам, Кум-Шоро, Кара-Суу айылдарынан 15-20 адам чыгып, атчан, жөө издеп жатышат. Атайын куткаруу тобу дагы бар», - деди З.Каримов.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7354
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×