Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Ош

Алайда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Turmush -  Бүгүн, 17-январга караган түнү саат 01:54тө Ош облусунун Алай районунда очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Алай тоо кыркаларынын этегинде, Бор-Дөбө айылынан чыгышка 6 чакырымда, Кара-Киндик айылынан түштүк-батышка 25 чакырымда, Нура айылынан түштүк-батышка 50 чакырымда жана Ош шаарынан түштүк-батышка 125 чакырымда жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү калк жашаган аймактарда: Бор-Дөбө айылында 3 балл, Кара-Киндик айылында 2,5 балл жана Сары-Таш айылында 2 баллды түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 757
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×