Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Ош

Оштогу 5 райондо жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнүн башчылары дайындалды (тизме)

Turmush -  Ош облусунун райондорунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнүн башчылары дайындалды. Кадр алмашуу тууралуу ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

- Ноокат районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп милициянын кенже лейтенанты Азиз Эсенбаев дайындалды. Ал эми мурдагы башчысы Сапар Калыков Аравандагы бөлүмгө башчы болуп которулду;

- Араван районундагы мурдагы жетекчи Султан Эгембердиев Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн штабынын ага тескөөчүсү кызматына которулду;

- Алай районуна Азамат Нурдинов;

- Кара-Кулжа районуна Жылдызбек Жунусалиев;

- Чоң-Алай районуна Замир Бакыев башчы болуп дайындалган;

- Өзгөн райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Уран Мурзалиев менен Кара-Суу районундагы жетекчи Парманас Кожояров өз ордунда иштеп жатышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1498
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×