Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуАлай району 03.01.2018 12:17 На русском

Видео, фото — Алайда ЖК депутаты Жыргалбек Калмаматов акыркы сапарга узатылууда

Turmush -  Бүгүн, 3-январда Алай районунун Гүлчө айылында Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Калмаматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жана парламенттин депутаттары, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, министрлер, мурунку ички иштер министри Мелис Турганбаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматов жана башка санаалаштары катышууда.

С.Исаков жакындарына көңүл айтып жатып: «Жыргалбек Айтиевич, Сиз биздин жүрөгүбүздөсүз. Өзбек-кыргыз чек арасы ачылганда аябай сүйүндүңүз эле. Алдыга койгон көп максаттарыңыз бар эле. Кош болуңуз. Биз Сизди унутпайбыз», - деди.

Мындан тышкары, парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков, «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков маркумдун жакындарына көңүл айтышты.

Ж.Калмаматов 1972-жылы Ош облусунун Алай районунда туулган. Маркумдун артында 7 кыз, 2 уулу калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×