Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Ош

Алайда согуштун ардагерлерине белек жана акысыз дары-дармек таратышты (фото)

Turmush -  Алай районунда Улуу Ата Мекендик согуштун 5 гана катышуучусу калды. Алар жергиликтүү бийлик жетекчилери тарабынан ар дайым камкордукка алынган.

Согуштун ардагерлерин жаңы жылы менен ар биринин үйлөрүнө барып куттуктоо демилгесин райондун акими Илияз Ташкулов жана райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Жаркынбай ажы Момунов көтөргөн. Натыйжада бул демилге колдоого алынып, Алай райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Гүлнар Алыкулова, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Жаркынбай ажы Момунов ардагерлер — Суранбай Алиев, Дөөлат Боронов, Арин Маманов, Сатыбалды Ташанов, Тажибай Кадыркуловдун үйлөрүнө барышты. Алардын жашоо шарттарынан кабар алып, белектер салынган баштыктар, керектүү дары-дармектер салынган атайын медициналык аптечкалар тапшырылды.

Ардагерлер аларга ыраазычылык билдирип, жаңы жыл токчулук, молчулуктун, өсүп-өнүгүүнүн жылы болсун деген тилектерин айтышып, ак баталарын беришти.

Согуштун катышуучусу Маманов Арин 101 жаштан өтсө, Ташанов Сатыбалды 100 жашка кадам койду. Башка ардагерлер 98-99 жаштарда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1287
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×