Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Алайдагы жол кырсыктан 8 адам жабыркады

Turmush -  Алай районундагы жол-транспорт кырсыгынан 8 адам жабыркады, деп билдирди аймактык кабарчы.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кечээ, 28-декабрда Кара-Булак айылынын аймагында жүрүп бара жаткан «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинен унаанын ичиндегилер ар кандай жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген. Алар:

- 2005-жылы туулган С. уулу С., Корул айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын тургуну;

- 1996-жылы туулган Ж. кызы М., Кабылан-Көл айыл аймагынын Кара-Жыгач айылынын тургуну;

- 2000-жылы туулган С. кызы Д., Гүлчө айылынын тургуну;

- 1988-жылы туулган Ж.А., Гүлчө айылынын тургуну;

- 1986-жылы туулган Б. уулу А., Кара-Суу районунун Катта-Талдык айылынын тургуну;

- 1972-жылы туулган С.К., Жаңы-Алай айыл аймагынын Беш-Кашар айылынын тургуну;

- 1988-жылы туулган И.Н., Гүлчө айылынын тургуну;

- 1980-жылы туулган К. уулу Б., Гүлчө айылынын тургуну.

Жабыркагандардын төртөө ооруканага жаткырылып, калгандарына биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Учурда аталган жол кырсыгы иликтенип жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1896
Көп окулду
×