Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуАлай району 29.12.2017 10:53

Алайдагы катуу шамалдын чыгымы 325 миң сомго жетти

Turmush -  Алай районунда 27-декабрда саат 14:00 чамасында болгон катуу шамалдын кесепеттерин тактоо иштери улантылып жатат. ӨКМ бүгүн, 29-декабрда билдирген маалымат боюнча, чыгымдын көлөмү 325 миң 975 сомду түздү.

Секундасына 32 метрге жеткен шамал Сары-Могол, Талды-Суу, Сары-Таш, Үч-Дөбө айыл аймактарында катталган. Адамдар жабыркаган жок. Шамалдын кесепетинен 350 турак жай, 15 сарай, 63 социалдык объектилердин чатырлары жарактан чыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×