Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Ош

Чоң-Алайдагы 2 спорт залдын, үйлөрдүн чатыры шамалдан жабыркады

Turmush -  Чоң-Алай районунда 27-декабрга караган түнү болгон катуу шамал 2 спорт залдын, үйлөрдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу аталган райондун акиминин биринчи орун басары Исмаил Тагаев билдирди. Адамдар жабыркаган жок.

Анын айтымында, катуу шамалдын кесепетинен райондогу Саит атындагы орто мектебинин спорт залынын 100 шифери, Кабык орто мектебинин спорт залынан 20дан ашуун шифер жарактан чыккан. Мындан сырткары райондогу 20 үйдүн чатырын, 4 мал сарайдын чатырын учурган. Учурда тактоо иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 612
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×