Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Алайдагы мектеп менен бала бакчанын чатырын шамал учуруп кетти

Turmush -  Алай районунда кечээ, 27-декабрь күнү саат 14:00 чамасында секундасына 20-30 метрге жеткен шамал катталды. Анын кесепетинен Сары-Могол, Талды-Суу, Сары-Таш, Үч-Дөбө айыл аймактарындагы турак үйлөрдүн жана социалдык объектилердин чатырлары жабыркаган. Адамдар жаракат алган жок.

Жарандык коргонуу комиссиясы тактаган маалымат боюнча, Сары-Таш айылындагы К.Эсенов орто мектебинин 2-имаратынын, №21 «Алтын бешик» бала бакчасынын чатырларынан шиферлер сынган. Ал эми, Сары-Могол айыл аймагындагы Сары-Могол айылында 1 турак үйдүн чатыры толугу менен, Үч-Дөбө айыл аймагынын Ак-Босого айылында ашкананын 30 даана шиферин, сарайдын чатырын учуруп кеткен.

Учурда тактоо иштери улантылууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1425
×