Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Ош

Алайда чиркегичти сүзүп алган унаанын айдоочусу ооруканага түштү

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылындагы жол кырсыктан айдоочу жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 26-декабрда Ленин көчөсүндө «Хундай Портер» (мамлекеттик номуру А1364AL) үлгүсүндөгү унаа жолдун четинде турган чиркегичти сүзүп алган. Кырсык болгон жерге ӨКМдин №68 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жиберилди. Куткаруучулар барганга чейин жаракат алган айдоочу тез жардам кызматы аркылуу райондук ооруканага жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 483
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×