Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Алайда жаңы жылдык балаты орнотулуп, жасалгалоо иштери башталды

Turmush -  Алай районунда мамлекеттик администрациясынын алдында жаңы жылдык балаты орнотулуп, жасалгалоо иштери башталууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, көз жоосун алган балаты жергиликтүү тургундарды алдын ала белгиленген программа боюнча куттуктай баштайт. Алай районунда Ыйман, адеп жана маданият жылына карата өткөрүлгөн айыл өкмөттөр арасындагы «Кыз-жигит» сармерден жана мекеме-ишканалар арасында өткөн «Ыр-кесе» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнүн концерти дал ушул жаңы жылдык балатынын айланасында өтөт.

28-декабрда акимдин балатысынан башталган жаңы жылдык майрам райондун борборундагы «Ай-Көкүл» эс алуу борборунда өтүп, ага жетим балдар, республикалык, облустук олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, өзгөчө күбөлүктөргө ээ болгондор, жалпы 200 бала чакырылган. Программа боюнча райондогу Ыраимберди Жаманкулов жетектеген маданият бөлүмүнүн өнөрпоздору элди жаңы жылы менен куттуктап, театрлаштарылган оюн-зоок программалары тартууланып, маданий иш- чаралар өткөрүлөт.

Жаңы жылдык балатынын алдындагы программа 31-декабрда түнкү саат 12-00дө райондун акими Илияз Ташкуловдун жаңы жылдык куттуктоосу менен аяктайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1365
×