Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Ош

Алайдын Мурдаш айылындагы 120 кожолукка таза суу берилди (фото)

Turmush -  Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнүн Мурдаш айылындагы Кызыл-Булак, Бор-Дөбө учаскаларында жайгашкан 120 кожолук таза суу менен камсыз болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 2015-жылы айылдын Алча булагынан таза суу тартып келүү боюнча республикалык бюджетке 5 млн 800 миң сомдук атайын долбоор өткөрүлгөн. Долбоор узундугу 3 чакырым 800 метр болгон суу каналын жана жогоруда айтылгандай 120 кожолукту өзүнө камтыган. 2016-жылы финансы каражатынын жетишсиздигинен улам бул иш токтоп, кайра өткөн жылы башталган.

Эми бир канча жылдан бери ар түрдүү булактардан таза суу ташып ичишкен бул айылдын тургундарынын максаты орундалып, жаңы жыл алдында жакшы маанайга ээ болушту. Учурда көчөлөргө 18 даана колонка жана ар бир жеке турак үйлөргө суу түтүкчөлөрү орнотулуп, пайдаланууга берилди. Аны пайдаланууга берүү аземине Мамлекеттик курулуш агенттигинин, өкмөттүн алдындагы таза суу департаментинин, Ош облусу боюнча капиталдык курулуш башкармасынын директорлору жана Алай районунун акими Илияз Ташкуловдор катышты.
Жергиликтүү тургундардын алдында келген коноктор сөз сүйлөшүп, президенттин жана өкмөттүн тапшырмасы менен айылдарды таза суу менен камсыз кылуу иштери жанданып баратканын айтышып, анын ичинде райондогу Сары-Таш, Кабылан-Көл, Корул сыяктуу бир топ айылдарда да бул багытта иштер аткарыла турганын билдирип өтүштү. Ошондой эле, Мурдаш айылынын аксакалдарынан болушкан Түгөл Исираилов, Меңиш Айдаровдор ыраазычылык сөздөрүн айтышты. Курулуштун кызыл тасмасы айыл тургундарынын катышуусу менен кесилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1387
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×