Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуАлай району 22.12.2017 11:10

Алайда 35 жаштагы аялды жүк ташуучу унаа сүзүп өлтүрдү

Turmush -  19-декабрда Алай районунун Сары-Могол айылында жүк ташуучу «Зил» унаасы артка жүрүп бара жатып 35 жаштагы аялды сүзүп кетти. Бул маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, окуянын кесепетинен жабырлануучу аял оор жаракат алып, ошол жерден каза болгон. Унааны 1975-жылы туулган айдоочу башкарып жүргөн. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×