Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуАлай району 18.12.2017 19:08

Алайда конокко барган аялды унаа сүзүп өлтүрдү

Turmush -  Алай районунун Үч-Төбө айыл өкмөтүндө 16-декабрь күнү кечке маал жол четинде турган аялды катуу ылдамдык менен бара жаткан унаа сүзүп кеткен. Анын кесепетинен ошол жерде каза болгон аял Күң-Элек айылынын тургуну экени такталды. Ал Үч-Төбө айылына конокко барган.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, Чоң-Каракол айылынан катуу ылдамдыкта жүрүп бара жаткан унаанын алдынан Кежигей айылынан келе жаткан унаа чыга калган. Катуу ылдамдыктагы унаанын айдоочусу бурулууга аракет жасап, жолдун жээгендеги аялды көрбөй сүзүп кеткен. Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×