Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Ош

Алайдагы тоолуу айылда 19 млн сомдук спорт комплекс курулду (фото)

Turmush -  Алай районунун Согонду айылында кечээ, 14-декабрда жаңы спорттук комплекс пайдаланууга тапшырылды. Спорт комплекстин долбоору 2012-жылы бүткөрүлгөн. Анын жалпы сметалык баасы 19 млн 525 миң сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланды.

Комплекстин ичинде машыктыруучу зал, волейбол, баскетбол аянтчасы, күрөш залы, аялдар жана эркектер үчүн жуунучу бөлмөлөр бар. Ошондой эле, жылытуу системасы орнотулган.

Ачылыш аземге өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, район акими, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1220
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×