Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Ош

Кабылан-Көл айылындагы мектептин 225 орундуу жаңы имараты ачылды (фото)

Turmush -  Алай районунун Кабылан-Көл айылында Эшкул Мурзаев атындагы 225 орундуу орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Анын кызыл тасмасын кесүү аземи бүгүн, 14-декабрда өттү, деп билдирди кабарчы.

Айыл өкмөттүн башчысы Токтосун Камиловдун айтымында, аземге Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Алай районунун акими Ильяз Ташкулов, райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери, мектеп жамааты, жергиликтүү тургундар катышты.

Аталган мектептин 1957-жылы курулган имараты жараксыз болуп калган эле.

«Мектеп 2 имараттан турат. 1957-жылы курулган имарат жараксыз болуп калган. 2009-жылы кошумча 195 орундуу имарат курулган. Окуучулар буга чейин 195 орундуу имаратта окуп келишти. Мектепте жалпы 551 окуучу билим алып жатат», - деди Т.Камилов.

Ал эми аталган мектептин эски имараты бала бакчага берилип, 1 млн 800 миң сомго оңдоодон өткөн. Бала бакча 90 орунга ылайыктуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1039
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×