Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Чоң-Бүлөлү айылында алгачкы жолу таза суу чыкты

Turmush -  Алай районунун Бүлөлү айыл өкмөтүндөгү Чоң-Бүлөлү айылында алгачкы жолу суу чыгарылды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Акбермет Токтосунова билдирди.

Анын айтымында, таза суу чыгарууга эл өзү демилге көтөрүп, казуу иштерин ашар жолунда аткарышкан.

«Бул айыл өкмөттөгү Кызыл-Кыштоо жана Абышка-Ооду жер тилкелерине алгачкы жолу булактан суу тартылып келди. Жергиликтүү тургундар тарабынан 98 миң сом топтолуп, Жогорку Кеңештин эки депутаты тарабынан 300 миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү. Казуу иштерин жергиликтүү тургундар өздөрү аткарышты. Суу түтүктөрү ар бир үйгө киргизилип, таза суу чыгып жатат», - деди А.Токтосунова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 949
Көп окулду
×