Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Фото - Алайда муктаж 2 үй-бүлөгө үй куруп беришти

Turmush -  Алай районунун Бүлөлү айыл өкмөтүндөгү турмуш шарты оор 2 үй-бүлөгө үй курулуп, бир үй-бүлө жаңы конуштуу болду. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Акбермет Токтосунова билдирди.

Анын айтымында, турмуш шарты оор, мүмкүнчүлүгү чектелген эки үй-бүлөгө демөөрчүлөр жана жергиликтүү тургундар тарабынан колдоо көрсөтүлүүдө.

«Абылкасым Каракожоевдин жана Асылкан Бердиевалардын үй-бүлөлөрүнө жаңы үй курулду. Демөөрчүлөр тарабынан курулуш каражаттары алынып, ал эми жергиликтүү тургундар куруу иштерине колдоо көрсөтүп жатышат. Абылкасым Каракожоевдин үйүндө 8 адам бар. Агасы 1-топтогу майып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарында.

Ал эми Асылкан Бердиеванын үйүндө 2 мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар. Өзүнүн дагы көзү жакшы көрбөйт.

Учурда Абылкасым Каракожоевдин үйү бүтүп, жаңы конушуна кирди. Ал эми Асылкан айымдын үйү жазында бүткөрүлмөй болду», - деди А.Токтосунова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1359
×