Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуАлай району 05.12.2017 11:27

Алайда коррупциянын алдын алуу талкууланды

Turmush -  Ош облусунун Алай районунда коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата тегерек стол өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалым болгондой, тегерек столго айыл өкмөт башчылары, билим берүү, медицина жана башка тармактын жетекчилери, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Бакытбек Осмонов жана райондук прокурорунун жардамчысы Алмаз Момунов катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Жыргал Сулайманов аталган бөлүмдүн коррупцияга каршы аткарылып жаткан иш аракеттер тууралуу маалымат берди. Андан кийин башка тармактардын өкүлдөрү да маалыматтар менен бөлүштү.

Жыйынтыгында катышуучулар ар бир кызматкер коррупцияга бөгөт коюуда өз салымын кошушу керектигин белгилешти. 9-декабрь — коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү улуттар уюмунун башкы ассамблеясы тарабынан жарыланып, 2004-жылдан бери белгиленип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×